Франциялык футболчу, Франция курама командасынын жана “Бавария” (Германия) футбол клубунун жарым коргоочусу Франк Рибери Франциянын батышындагы Булонь-Сюр-Мер аталган жарды аймакта жумушчунун үй-бүлөсүндө туулуп-өскөн. Атасы канализацияларды оңдоочу болуп иштеген. 4 бир туугандын эң улуусу болгондуктан, ата-энесине жардамдашып кичинелерди кароо анын моюнунда эле. Андыктан бала чагында бактылуу күндөрү дээрлик болгон эмес. Албетте, футболдук талааны эске албаганда. Футбол ойногон учурларда гана ал бардык кыйынчылыктарды унутуп, өзүн бактылуу сезгени айтылат.
12 жашында француздук “Лилль” командасынын академиясына кабыл алынат. Бирок 2 айдан соң
окуудан айдалат. Буга анын тентектиги себеп болот. Билим алуу аракети текке кеткен Франк кайрадан өзү туулган жерине келип, жергиликтүү командага кошулат. Тапкан акчасы күнүмдүк керектөөсүнө жетпегендиктен футболдон тышкары атасынын жолун улап, канализацияларды оңдоп-түзөтүү менен да алектене баштайт.
Аракетчил Рибериге 19 жашында бакыт кушу жылмаят. Кезектеги беттеш учурунда ал машыктыруучу Жан Фернандестин көзүнө түшөт. Эми ал Франция чемпиондугунун 2-дивизионунда ойногон “Метцтин” оюнчусуна айланат. Жаңы командада Рибери өз ордун таап, күйөрмандардын сүйүүсүнө арзып, келечектен көптү үмүттөндүрө баштайт. 2005-жылдын кышында Рибериге Түркиядан сунуш түшөт. Ал үчүн түркиялык “Галатасарай” “Метцке” 2,5 миллион евро төлөп берүүгө макул болгон. Бирок Риберинин чет өлкөгө легионер катары жасаган алгачкы аракетин ийгилик коштогон эмес. Ошол учурда “Галатасарай” кризиске кабылып, оюнчуларын айлык акы менен камсыз кыла албай калат. Натыйжада футболчулар иш таштоого чыгышат. Рибери маселенин чечилишин күтүп отурбай кол шилтеген бойдон мекенине кайтып келе берет.
Ал учурда машыктыруучу Жан Фернандес Марсель шаарынын “Олимпик” командасын машыктырып, Рибери үчүн Франциянын Жогорку Лигасында ойноо мүмкүнчүлүгү туулат. "Олимпиктин” курамындагы алгачкы эле сезон Франк үчүн ийгиликтүү болгон. 23 жаштагы Рибери өзүнүн ар тараптан мыкты экендигин көрсөтө алган. Күйөрмандар ага “Велодромдун падышасы” деген ат коюп алышат (Велодром – “Олимпиктин” стадионунун аталышы). Баарынан да сезондун аягында анын Франциянын улуттук курама командасына чакыруу алгандыгы көпчүлүктү таң калтырат. Франциянын курамында анын дебюту 27-майда ишке ашып, ошондо ал майданга атактуу Зинедин Зидандын ордуна чыккан.
Рибери 21 жашында ислам динин кабыл алган. Анын мусулманга айланышына алжирлик Вахиба Бельхами аттуу айым себепчи болгон. Сүйүүсү үчүн баарына даяр болгон Рибери куранды окуп үйрөнүп, ислам динине өткөн. Анын мусулманча аты – Билал. Рибери исламды сүйгөнүнө үйлөнүш үчүн гана эмес, чын дилинен окуп түшүнгөндүгү үчүн да кабыл алган. Андыктан ал жашоосунда шарияттын бардык мыйзамдарына баш ийип жашап келет.
Франк Рибери "Галатасарайдын" курамында Түркиянын кубогунун ээси (2005), "Олимпиктин" курамында Интертото кубогунун ээси (2005), “Бавариянын” курамында Германиянын чемпиону (2008) жана Франциянын курамында 2006-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалчысы.