30- Март 2014 -жылы Кыргыздын ийилчээк кызы Чынара Мадимкулова "Украина менин таланттарым" эл аралык сынагынын жарым финалына өткөн
"Украина менин таланттарым" эл аралык сынагынын 6-сезонунда Кыргызстандын ийилчээк, "сөөксүз" кызы аталган Чынара Мадимкулова өз өнөрүн тартуулаган. 
Эл алдына чыккан Чынара буту менен жаа атып, бутага таамай тийгизип, калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдү таң калтырып, сынактын жарым финалына өткөн. Тилекке каршы, сынактын финалына көрүүчүлөрдөн 3 добуш жетпей өтпөй калган. 
Чынара Мадимкулова Талас жергесинде төрөлүп-өскөн. "Баракелде" сынагында таймашып жаткан таланттарды көрүп, "Мен деле мындайды жасай алам. Мен артист болом!" деп чыгат. Ошондон кийин аны чоң атасы Бишкекке, циркке алып келет. Мына ушул жерден аны Жыпара Шамырова машыктырып, өнөрүн өркүндөтө баштаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан