30- Март 2014 -жылы Гүлмира Керимова Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалган
Гүлмира Керимова Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын директору болуп дайындалган. Кыргыз киносунун тарыхында аталган студияны биринчи жолу аял киши башкара баштаган. 
"Кыргызфильм" киностудиясынын мурунку директору Таалайбек Кулмендеевдин отставкага кетүүсүнө байланыштуу бул орунга сынак жарыяланган. Сынакта Гүлмира Керимова утуп чыккан. Анын талапкерлигин комиссия мүчөлөрүнүн баары колдошкон. 
Гүлмира Керимова Москва шаарындагы Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институтунун экономикалык факультетин аяктаган. Ал кино тармагында дасыккан уюштуруучу катары таанымал болгон. Акыркы жылдары ал Кинематография департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген. Гүлмира Керимова Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан