2- Апрель 2014 -жылы Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев “Шериктештиктин жылдыздары” сыйлыгына татыктуу болгон
Эл аралык гуманитардык шериктештер фонду сүрөтчү Юристанбек Шыгаевге “Шериктештиктин жылдыздары” сыйлыгын ыйгарган. 
Юристанбек Шыгаев - Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук музейдин жетекчиси, көркөм өнөр искусствосунун профессору, Эл аралык искусство жана маданият академиясынын академиги, Казакстан жана Кыргызстан академиясынын академиги, Эл аралык чыгармачыл академиясынын мүчөсү, Пекин жана Нанкин шаарларындагы Сүрөт институтунун профессору.        
“Шериктештиктин жылдыздары” сыйлыгы илим жана билим, маданият жана искусство, гуманитардык тармактардын өнүгүшүнө дүйнөлүк деңгээлде салым кошкон жана КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык шериктеш болгонго түрткү болгон инсандарга акчалай сыйлык, диплом тапшырылат. 
Мурда бул сыйлыкка Кыргызстандан жазуучу жана драматург, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Султан Раев, белгилүү врач, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ибрагим Жунусов татыган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан