8- Апрель 1926 -жылыКасым Тыныстановдун латын алфавитинин долбоору жана мааниси тууралуу макаласы "Эркин Тоо" гезитине жарыяланган
Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин ийгиликтүү жүзөгө ашырылган тармактын бири - маданий реформа эсептелинет. Кыргызстанда адегенде колдонулган араб алфавити жаңы илим жана билим талаптарына жооп бербестигин коомдук өнүгүү ашкерелеген. Анын натыйжасында өлкөдө латын тамгасына өтүү маселеси кабыргасынан коюлган. Латын алфавитини адегенде жактаган адам Касым Тыныстанов болгон. Касым Тыныстановдун "Баку калаасында боло турган түркология съезди жана анын кадыры" деген макаласы "Эркин Тоо" гезитине жарыяланган. Макалада латын алфавитинин долбоору жана мааниси көрсстүлүп, аны кабыл алуу зарылчылыгы белгиленген.