8- Апрель 1999 -жылы Канадалык хоккейчи Уэйн Гретцки 21 жылдык спорттук карьерасын аяктаган
Канадалык хоккейчи Уэйн Гретцки 1962-акыркы натыйжалуу пас берүүсү менен өзүнүн 21 жылдык спорттук карьерасын аяктаган. "Улук" же "Улуу хоккейчи" деген наамды Америкада башка бир да адам алган эмес. 21 жылдык карьерасында Гретцки 60тан ашуун рекорд коюу менен ийгиликтерге жете алган.
Хоккейде өткөргөн 21 жылдын ичинде дээрлик бардык рекорддорун койгон. Анткени, ага чейин рекорддор 20 жылдан ашуун убакыт бою Горди Хоуга гана тиешелүү болуп келген. Упайлар боюнча Хоу мырзанын рекордун (1850 балл) Гретцки 1989-жылдын 15-октябрында жаңырткан. Жалпысынан Гретцкинин эсебине 894 гол жана 2856 балл жазылган. Рекорддордон тышкары Гретцки жыл сайын сезондун мыкты хоккейчилерине берилчү лиганын көптөгөн жеке сыйлыктарын алган. Ал эң баалуу оюнчу жана мыкты чабуулчу катары бештен ирет трофей алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан