Популярдуу "Кыздар" жана "Бензоколонка ханышасы" баш болгон 30га жакын фильмдерде эң мыкты образдарды жараткан советтик актриса Надежда Румянцева 77 жаш курагында саат 21:40та көпкө созулган оорудан кийин каза болгон. РФнын Эл артисти менен коштошуу үчүн анын күйөрмандары бүткүл КМШ жана чет өлкөлөрдөн келишкен.
Надежда Румянцева 1930-жылы 9-сентябрда Москвага жакын Жаворонки деген айылда туулган. Жердигинен уламбы же ичке үнүн жана шамдагайлыгын ушул чымчыктыкына окшоштуруппу, актрисаны баары “Жаворонок” деп тамашалап аташкан. Кичинекей Надюша мектепте эле “артистка” деген атка конгон. Мектепти алтын медаль менен аяктап, Москвадагы Борбордук балдар театрына сынакка катышууну чечип, өтүп кеткен.
Эң алгачкы жолу көрүүчүлөр Надежда Румянцева деген ысымды 1952-жылы “Жашоого бет ала...” деген фильмден угушкан. 1957-жылы Оскар Уайльддын “Жылдыз бала” жомогунда эркек баланын ролун аткарганы да көрүүчүлөргө жаңылык эле. Ошондон баштап таланттуу актрисанын фильмографиясы жыл сайын бир фильм менен толуктала баштаган.
Чыныгы популярдуулук актрисага “Кыздар” кинокомедиясынан кийин келген. 31 жашында 18 жашар кыздын ролун аткаруу – ар бир актрисанын кыялы болсо керек. Кодойгон бою бар, ишенчээк жана ажарлуу, ар бир кыймылы, ар бир сөзү күлкү жараткан Тоня Кислицына жаш муундун кыздары үчүн өрнөк болуп чыга келген. Ал эми Надежда жаңы “юбкачан Чаплин” деген атка ээ болуп калат. Бирок, чыныгы наамды, “Эң мыкты аял ролун” актрисага ошол жылдары өткөн "Эл аралык Мар-дель-Плато" кинофестивалы берген.
Ийгилик тепкичинин кийинки кадамына Румянцева “Бензоколонка ханышасы” деген фильми менен көтөрүлгөн. “Мосфильмдин” көркөм кеңеши: “Сценарий боюнча башкаарман жылдыздуу жана сексуалдуу, а силер бизге кимди сунуштап жатасыңар?! Ушул маймылдыбы?”- деп чыккан. Бир аз өтпөй так ошол “маймыл” бензоколонканын гана эмес, орус кинематографиясында комедиянын ханышасына айланат. 1967-жылга чейин кайрадан бир жылда бир фильмде тартылып жүргөн актриса капыстан экран бетинен жоголуп кетет. 1975-жылга чейин ал жөнүндө эч нерсе угулбайт. “Өлүп калыптыр”, “ичип кетиптир”, “түрмөдө экен” деген көптөгөн ушак сөздөр чыгат. Ал эми чыныгы себеп баарынан жөнөкөй эле – актриса сүйүктүү адамын жолуктуруп калган. Кесиби дипломат Вилли Вартанович Хштоян улуту боюнча армян болгон.
Надежда Румянцева чет өлкөдө, көбүрөөк Египетте жана Малайзияда дээрлик 15 жыл жашаган. СССРге жубайлар 1980-жылдардын башында кайтып келишкен. Ушундан кийин Надежда 5 чакты жаңы фильмге тартылып, 1990-жылдары балдар үчүн арналган “Будильник” деген телекөрсөтүүнүн алпаруучусу болуп иштөөнү чечет. Ар жекшемби сайын актрисаны экрандан көрүү – балдар үчүн гана эмес, актрисаны бир топ сагынып калган улуу муун үчүн да өтө жагымдуу нерсе болгон. Мындан сырткары, Румянцеванын кайталангыс үнү менен көптөгөн мультфильм каармандары сүйлөгөн. Алардын ичинде “38 тоту куш” мультфильминдеги Мартышка, америкалык “Өрдөктөрдүн жоруктары” мультфильминдеги Диллини айтса болот. Ошондой эле актриса атактуу “Кавказ туткуну” комедиясындагы башкаарман Нинанын үнүн дубляж кылган.
1996-жылы актрисанын үйүнө эки жаш кылмышкер уурулукка кирген. Алар максатына жете алышкан эмес, бирок, ошол зөөкүрлөрдөн башына эки жолу муш жеген актриса ошол күндөн тарта баш оорусуна чалдыккан. Кийинки жылдары актрисанын баш оорусу күчөп, иммунитети начарлап, алдан тая баштаган. Бирок, акырына чейин доктурлар актрисага так диагноз коё алышкан эмес. Жашоосунун акыркы мүнөттөрүн актриса сүйүктүү жолдошунун жанында өткөрүп, анын колунда көз жумган.