8- Апрель 2010 -жылы Элдик курултайдын Борбордук комитетинин мүчөлөрү Убактылуу өкмөттү түзүшкөн
Элдик курултайдын Борбордук комитетинин мүчөлөрү Убактылуу өкмөттү түзүшкөн. Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп Роза Отунбаева дайындалган. Бир эле учурда бул өкмөт президенттин да, парламенттин да милдетин аткармакчы болгон. Р.Отунбаеванын орун басарлары болуп Алмазбек Атамбаев (жалпы экономика тармагына жооптуу), Темир Сариев (каржы жана насыя тармагын колго алуу), Өмүрбек Текебаев (конституциялык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу), Исмаил Исаков (күч органдарын тейлөө), Азимбек Бекназаров (сот жана прокуратура тармагын көзөмөлдөө) шайланышкан.
Убактылуу өкмөттүн негизги милдети – мамлекеттеги кооптуу абалды жөнгө салуу, ал эми анын алдыга койгон негизги максаттары - Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, жаңы парламентти шайлоого шарт түзүү, тарифтерди мурдагы калыбына келтирүү, сатылган стратегиялык ишканаларды мамлекетке кайтаруу ж.б. болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан