Акын жана коомдук ишмер Бүбайша Арстанбекова Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Токтогул айылында төрөлгөн. 1978-жылы Д.Шопоков атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, 1985-жылы Фрунзедеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин кыргыз тил жана адабият факультетин сырттан окуп бүтүргөн. 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындыгы башкаруу Академиясын бутуруп, магистир даражасына ээ болгон.
Бүбайша Арстанбекованын көркөм сөз өнөрүнө кызыгуусу мектеп жашында эле башталып, ырлары мезгилдүү басмаларда жарык көрүп турган.
Акындын алгачкы ырлар жыйнагы “Сага” деп аталып, 1999-жылы Кыргызстан басмасы тарабынан жарык көргөн. Ошол эле жылы акын, жазуучу, сынчылар Бүбайшанын “Сага”- деген ырлар жыйнагын жогору баалап, жазуучулар союузуна мүчөлүккө кабыл алышкан. Бүбайша Арстанбекова Улуттук жазуучулар союузунун мүчөсү.
Ал эми 2008-жылы “Карегимде Ата-Журт” аттуу китеби “Бийиктик” басмасынан жарык көрүп, анын баш сөзүн Кыргыз эл акыны, Кыргыз эл баатыры Сүйүнбай Эралиев жазып ак бата жолдогон.
Акындын “Курманжан Датка” поэмасын Кыргыз телевидениеси, Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын артистеринин аткаруусунда телеинценировка кылып көрсөтүүсү окурмандардын арасында кызыгууну жаратып, Курманжан Датканын коомдук ишмер эле эмес тарыхта кайталангыс кайраттуу, мээримдүү жана армандуу эне катары сүрөттөп бергендиги менен келечек муунга таасирдүүлүгү артып өз окурмандарынын жүрөгүнөн орун алган.