Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Рысбек Акматбаев №69-Балыкчы округунан 79,22% добуш топтогон. Ошентип эгемен Кыргызстан тарыхында биринчи жолу уюшкан криминалдык топтун лидерине парламент депутаттыгына мандат алууга жол ачылган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Рысбек Акматбаевге анын үч оор кылмышы боюнча соттук иши бүтмөйүнчө мандат берүүдөн баш тарткан.