9- Апрель 1802 -жылы
Фин лингвисти, фольклорист Элиас Лёнрот туулган
Фин лингвисти, фольклорист Элиас Лёнрот Финляндиянын Самматти шаарында туулган. Окумуштуу башында медициналык билим алып, кийин чыгармачылык ышкысынан улам журналистика менен шугулданып, бара-бара фольклордук материалдарды чогултууга киришкен. Элиас Лёнрот Финляндиядагы "Аары" аттуу биринчи маалымдоо журналын негиздеген. Илимпоздун чыгармачыл өмүрүнүн негизги жыйынтыгы катары "Калевала" эпосун чогултуп, жарыкка чыгарышы эсептелет.