9- Апрель 1933 -жылы
Революционер, аскер комиссары Яков Логвиненко каза болгон
Революционер, аскер комиссары Яков Логвиненко каза болгон.
Яков Никифорович Логвиненко 1896-жылы 23-октябрда Украинанын Полтава кыштагында туулган. Ал үй-бүлөсү менен бирге 1912-жылы Пишпекке (азыркы Бишкекке) көчүп келген. 1914-жылы империалисттик согуш учурунда падыша тарабынан армияга чакырылып, фронтко жиберилген. Октябрь төңкөрүшү аяктагандан кийин кайра Пишпекке келип, полкту жетектеп калат.
Ал жетектеген полк 1918-жылда болгон Беловодск айылындагы анти-советтик козголоңду баса алган. Ал түгүл Я.Н.Логвиненко Пишпектеги гарнизондун жетекчиси болуп да дайындалат. Кийин Ташкенттеги Айыл чарба университетин аяктайт. Билим алган соң Кыргызстанга кайтып келип, агроном болуп кызмат өтөгөн.