Нарындагы №4-тергөө изоляторунун жетекчисинин орун басары Т.Абылгазиевдин сунушу менен Нарын шаарынын соту Ж.Эрматов 16 жылга эркинен ажыратылып соттолгон Азиз Батукаевди 8 жылдык өтөлө элек жаза мөөнөтүнөн бошотуу чечимин чыгарган. Судья Батукаевдин оор илдетке кабылганын негиз кылган. Бирок бошотууну суранып жаткан айыпкердин кылмышынын оор-жеңилине кароо керек деген мыйзам талабын көңүлдөн тыш калтырган.