9- Апрель 2013 -жылы Кыргызстанга расмий иш сапары менен Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган келген
Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоганды Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алган. 
Алгач "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев менен Түрк премьер-министри Режеп Тайип Эрдогандын тар чөйрөдө жолугушуусу болуп өткөн. 
Андан кийин Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Башкы кеңешинин экинчи отурумуна катышкан. Отурумдун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы стратегиялык маселелер талкууланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан