11- Апрель 2014 -жылы
Фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун эл аралык күнү
Фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун эл аралык күнү. Бул күн Бухенвальд жана Дорадодогу фашисттик концлагердеги туткундардын боштондукка чыгышына байланыштуу белгиленип келет. Фашисттик Германиянын жеңилер сааты аныкталып калган маалда, 1945-жылдын 11-апрелинде Бухенвальд туткундары көтөрүлүш чыгарышкан. Ошентип, Заксенхаузенде 1945-жылдын 22-апрель күнү, 29-апрелде Дахау, 30-апрелде Равенсбрюк концлагерлеринин туткундары боштондукка чыгышкан. Фашисттик лагерлерде 18 миллион адам кармалып, алардын 11 миллионго жакыны өлтүрүлгөн. Өмүрү кыйылгандардын арасында 5 миллиондой адам советтик туткундар болушкан.
Фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун эл аралык күнү кыргыз өлкөсүнүн Улуу Ата Мекен согушунун ардагерлери жана андай концлагер туткунун башынан кечиргендер менен жалпы адамзат үчүн ыйык күн катары эсептелинет. Улуу Ата Мекендик согушка 380 миң чамалуу Кыргыз жарандары катышып, алардын айрымдары фашисттик концлагер туткунун башынан кечиришкен.
Согуш маалында Үчүнчү Рейх жана анын өнөктөштөрүнүн аймагында 14 миң концентрациялык лагерлер орун алган. Фашисттер туткундарды крематорийлерге жагып, адам чыдагыс кыйноолорду жасоо жолу аркылуу ар түркүн сыноолорду өткөрүшкөн.