6- Март 2014 -жылыЖусупбек Шарипов Кыргыздын Кувейттеги элчиси болуп дайындалган
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Жусупбек Шарипов Кыргыздын Кувейттеги элчиси болуп дайындалган.
Мамлекеттик ишмер Жусупбек Шарипов 1955-жылы Кара-Суу районунун аймагында туулган. Киевдеги инженердик-курулуш институтун бүтүргөн. "Ошкурулуш" трестинде инженер, ушул тресттин Жалал-Абаддагы бөлүмүндө мастер, участканын начальниги, 1985-жылдан партиянын Кара-Суу райкомуна инструктор, Таш-Көмүр шаар аткомунун төрагасынын орун басары, биринчи орун басары, Саратовдогу жогорку партиялык мектепти бүтүргөндөн кийин Ош шаарынын акиминин орун басары, кийин Президенттик администрациянын жооптуу кызматкери, Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими, Ош шаарынын мэри болуп иштеген.