6- Март 2014 -жылы "Манас" авиабазасындагы АКШнын 200дөй аскер кызматкери Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткен
“Манас” аба майданындагы Транзиттик жүк ташуучу борбордо иштеген АКШнын 200дөй аскер кызматкери  Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткен.
Аталган объект Кыргызстанда 2001-жылдын декабрь айында Питер Ганси атындагы борбор деп ачылган. 2009-жылы бул мекеменин аты “Манас” транзиттик жүк ташуучу борбору деп өзгөртүлгөн. Буга чейин авиабазада АКШнын 1400 аскер кызматкери иштеп келген.
Аталган борбор 2014-жылдын июль айынын ортосунда  Кыргыз өлкөсүнөн толугу менен чыгарылмак. Борбордун бир бөлүгү Румыниядагы базага көчүрүлсө, калганы АКШга ташылып кетмекчи болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан