6- Март 2014 -жылы Жогорку Кеңеш оор кылмыштарды кечирбөө тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган
Жогорку Кеңеш оор кылмыштарды кечирбөө тууралуу мыйзам долбоорун 3 окууда кабыл алган. 84 депутат каттоодон өтүп, 55 депутат “макул”, 29 депутат “каршы” добуш беришкен. Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыккан бул мыйзам президенттин кол коюусуна жиберилген. 
Мыйзам өзгөчө оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарган. Башкача айтканда, мыйзам күчүнө кирсе "мамлекеттик чыккынчылык", "коррупция" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен айыпталгандарды кайсы учурда болбосун жоопко тартууга мүмкүн болгон. Буга чейин мындай кылмыштар 10 жылдан кийин "эскирди" деп табылып, күнөөлүүлөрдү жазалоо мүмкүн болбой келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан