6- Март 2014 -жылы
Орусиянын президенти Владимир Путин "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлгөн
Ослодогу "Нобель" институтунун башчысы Гейр Лундестаддын берген маалыматы боюнча, Орусиянын президенти Владимир Путин "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
2014-жылы "Нобель" сыйлыгына көрсөтүлгөн саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин саны рекорддук көрсөткүчкө, тагыраак айтканда, 278 адамга жеткен. Алардын арасында Американын Атайын кызматынын экс-кызматкери Эдвард Сноуден менен Рим Папасы Франциск да болгон.