12- Апрель 1839 -жылы Орус аскер-географы жана илимпоз саякатчы Николай Пржевальский туулган
Орус аскер-географы жана илимпоз саякатчы Николай Пржевальский Смоленск губерниясындагы Кимборов кыштагында туулган. Ал орус элинин улуу географы, Борбордук Азияны изилдөөчү, генерал-майор, Петербург Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү болгон. Ал өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн саякатка арнап, өз тармагында аты таанылган билим адамдарынын арасынан татыктуу орун тапкан. Николай Пржевальскийдин бешинчи саякат багыты Борбордук Азияга арналып, ал Кыргыз өлкөсүн кыдырып, мындан бай маалымат топтоого жетишкен. Николай Михайловичтин ичээр суусу да Кыргыз жеринен бүтүп, анын керээзине ылайык улуу саякатчынын сөөгү Ысык-Көлдүн жээгине коюлган жана орус бийлигинин чечими менен Каракол шаары Пржевальск болуп өзгөртүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан