18- Октябрь 1973 -жылы Орусиялык актёр Сергей Безруков төрөлгөн
Орусиялык актёр Сергей Безруков Москвада төрөлгөн. Сергей Безруковду көрүүчүлөр “Бригада” сериалы аркылуу Саша Белый деп тааный башташкан. 2002-жылдын сентябрь-октябрь айларында сериал жарыкка чыкса, жыл аягында актёр Орусиядагы “Жылдын жүзү” сынагында “Жылдын актёру” наамына ээ болгон. Ал эми 2008-жылы Безруков Орусиянын Эл артисти наамына татыган. Сергей Безруков "Азазель", “Есенин”, “Участок”, "Московская сага", "Бой с тенью", "Мастер и Маргарита", "Поцелуй бабочки", "Пушкин. Последняя дуэль", "Карнавальная ночь-2, или Пятьдесят лет спустя", "Ирония судьбы. Продолжение", "Адмиралъ", "Мамы", "Джентльмены, удачи!" ж.б. тасмаларына тартылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан