13- Апрель 1961 -жылы
Фрунзе шаарындагы Эт комбинаты көчөсүнүн аталышы Юлиус Фучик болуп өзгөртүлгөн
Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин чечимине ылайык Эт комбинаты көчөсүнүн аталышы Юлиус Фучик болуп өзгөртүлгөн.
Юлиус Фучик – чех коммунисттер кыймылынын ишмери, журналист, жазуучу, адабий жана театр сынчысы болгон. Чехословакиянын улуттук баатыры.
Ал Экинчи дүйнөлүк согушта антифашисттик кыймылга мүчө болуп кирип, Чехословакия немистер тарабынан басып алынган мезгилдерде псевдоним менен көптөгөн патриоттук макалаларды жана эсселерди жазат. Мына ушул себептен 1942-жылы Юлиус Фучик гестапо тарабынан тузакка түшүрүлөт. Анын ысымы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн шаарларындагы көчөлөрүнө ыйгарылган. Мисалы, Москва, Ташкент, Казань, Ереван, Санкт-Петербург, Тула, Фрунзе (азыркы Бишкек) жана башка шаарлар да Фучик атындагы көчө болгон.
Узундугу 3 чакырым 860 метрди түзгөн Юлиус Фучик атындагы көчө Бишкектин түштүк-батышынан орун алган. Анын түштүк башы Москва көчөсүнөн бир аз өтүп барып токтойт да, аягы Чоң Чүй каналына чейин созулат. Чүй, Рыскулов, Жибек Жолу, Профсоюз, Кронштад көчөлөрү менен кесилишет. Чоң Чүй каналынан тартып “Манас” аэропортуна чейин Дорожная көчөсү болуп аты өзгөрөт. Ю.Фучик көчөсүн бойлоп баратканда Ю.Фучик атындагы парк жайгашкан (Кумарык жана Димитров көчөлөрүнүн ортосунда).