13- Апрель 1979 -жылы Түрк актёру, модель Мурат Йылдырым туулган
Түрк сериалдарынын мега жылдызы Мурат Йылдырым Түркиянын Конья шаарында туулган. Апасы араб тили боюнча котормочу болсо, атасы театр менен алектенген. Мураттын актёрлук кесипке болгон шыгынын эрте ойгонушуна атасынын кошкон салымы зор болгон. Ал мектепте окуп жүргөн кезинен эле окуусунан сырткары театрдагы ийримдерге катышчу. Мындан улам Мураттын актёрлук билим-тажрыйбасы эрте башталган.
Мектепти аяктаган соң болочок актёр Стамбулдагы “Йылдыз” техникалык окуу жайынын машина куруу факультетине тапшырат. Инженер-механик адистиги боюнча дипломдуу болгон Мурат университетте окуп жүргөндө да актёрлук чеберчилик боюнча кошумча сабакка барып жүрөт. Студенттик театрда ойноп жүрүп, 1999-жылы “Айрылсак да бирге болушубуз керек” деген сериалда роль аткарып, актёрлук тушоосун кескен.
Адамды теше караган көз караштын ээси Мураттын карьерасынын башталышы ийгиликтүү болгон эмес. Ал 2003-жылы “Түбөлүк сүйүү” сериалында роль жаратып, бирок сериалдын рейтингинин төмөндүгүнөн улам анын 11 гана сериясы көрсөтүлүп, калганы көрсөтүлбөй калган. Андан соң 2004-жылы “Баары менин балдарым” жана “Зор калп” деген сериалдарга тартылып, аз да болсо эл эсинде калганга жетишет. Эми гана киноиндустрияга аралашып келе жаткан таланттуу актёрго Түркиянын мыкты сериалдарын жараткан режиссёрлор көз сала башташат.
Йылдырымга популярдуулук алып келген тасма 2006-жылы тартылган “Бороон” сериалы болгон. Ушул сериалдагы ролу үчүн Мурат Түркиянын “Оскары” катары эсептелген “Алтын апельсин” сыйлыгын алган. Атак алып гана тим болбостон, сериалдагы өнөктөшү актриса Бурчин Терзиоглы экөөнүн ортосунда махабат оту жанып, 2008-жылы түгөйлөр баш кошкон.
2007-жылы чыккан “Аси” сериалындагы Демирдин ролунан кийин актёр Түркияда гана эмес, чет өлкөлөрдө да жогорку суроо-талапка ээ актёрлордун тизмесине кирген. Мындай бийик абройдон улам актёр роль сунуштаган режиссёрлордун келишимдеги пункттарына өз талаптарын киргизип калган. Аны чет өлкөлүк тааныштары жана күйөрмандары "Демир" деп чакырышарын айтып, муну актёр сериалдын популярдуулугу менен байланыштырган.
Мураттын катышуусундагы 2009-жылы тартылган “Сүйүү жана жаза” сериалы да эң ийгиликтүүлөрдүн бири болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан