13- Апрель 2013 -жылы Каракол шаарында мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленген
Каракол шаарындагы Касымаалы Жантөшев атындагы драма театрында бел­гилүү мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленген. Мааракеге вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Апсамат Масалиевдин жакын туугандары, замандаштары, эмгек ардагерлери, райондук, облустук жана шаардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышышкан. Маараке мамлекеттик ишмердин басып өткөн жолу тууралуу даректүү тасма көрсөтүү менен башталып, андан соң өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Асанакунов доклад жасаган. Атактуу ишмерди эскерүү иш-чарасы чакан концерттик программа, көргөзмө менен коштолгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан