15- Февраль 1914 -жылы
Казак совет актёру жана режиссёру Шакен Айманов туулган
Казак совет актёру жана режиссёру, СССРдин Эл артисти Шакен Айманов Казакстандын Баян-Аул аттуу жеринде туулган. 1940-жылдан тартып КПССтин мүчөсү болгон. Ал эми 1933-жылдан баштап Казак драма театрынын (Алматы) труппасында иштеген. Аткарган ролдору: Акан серө (Мүсрепов, "Акан сере жана Актолы"), Йсатай (Ахипжанов, "Исатай менен Махамбет"), Кобыланды (Ауэзов, "Кобыланды"), Кодар (Мүсрепов, "Козу Көрпөш - Баян Сулу"), Петруччио (Шекспир, "Азоого чалма"), Тихон (Островский, "Добул") ж. б. Шакен Айманов актёрлуктан сырткары 1947-1951-жылдары казак театрынын башкы режиссёру болгон. 1940-жылдан тартып кино актёру катары иштеп, "Жамбыл" аттуу фильмде Жамбылдын ролун аткарып, "Биздин сүйкүмдүү доктор" (1958), "Айдар көсөө"' (1965), "Туулган жер" (1967), "Атамандын акыры" (1970) ж.б. фильмдерде роль жараткан.