15- Апрель 2013 -жылы
Жогорку Кеңеште мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу маселени иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өткөн
Жогорку Кеңеште мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган Азиз Батукаевдин бошотулушу
тууралуу маселени иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өткөн. Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп депутат Болот Шер, төраганын орун басарлыгына Канатбек Исаев жана Дамира Ниязалиева шайланган.
Комиссиянын курамына ар бир парламенттик фракциядан экиден жана депутаттык
топтордон депутаттар кирген. Алар: Жоомарт Сапарбаев, Болот Шер, Турсунбай
Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев, Дамира Ниязалиева, Эркин Сакебаев, Канатбек
Исаев, Алмазбек Баатырбеков жана Равшан Жээнбеков.