Орусиялык хоккейчи Илья Ковальчук Орусиядагы мурунку Калинин, азыркы Тверь шаарында туулган. Илья Ковальчук хоккей боюнча Орусия курама командасынын чабуулчусу болуп, 2008-2009-жылдары дүйнө чемпиону аталган. Ал эми 2002-жылы спортчу Орусиянын эмгек сиңирген спорт чебери деп табылган.