Гарри Поттер тууралуу тасмада Гермион
Грейнджердин ролун ойногон актриса Эмма Уотсон Парижде туулган. “Гарри Поттер” тасмасынын ар бир бөлүгүнө тартылып келе жаткан актриса Эмма Уотсон 2007-жылы талыкпай эмгектенип, “People” журналы ага “Эң кичинекей бай актриса” деген наам беришкен. Жомок-тасмадан алган маянасы эң аз дегенде 4 миллион долларды түзгөн. Мындан сырткары, 17 жашында актриса “Vogue” журналынын бетине чыккан эң жаш атактуу кыз” деп эсептелинген. Ошондой эле Эмма 2009-жылы эң көп гонорар төлөнгөн актриса болуп Гиннес рекорддор китебине кирген.