17- Апрель 1977 -жылы
Орусиялык ырчы Анастасия
Макаревич туулган
Орусиялык ырчы, “Лицей” тобунун мүчөсү Анастасия Макаревич Москвада туулган. Бала кезинен музыкага жакын болгон Настя джаз стилинде ырдап, бийлеп, балдар үчүн музыкалык театрларга барып турган. Гитара классы боюнча музыкалык мектепти аяктаган. Ал менен катар балдар үчүн эстрада театрын аяктаган соң "Лицей" тобу түзүлүп, ал солист катары кабыл алынган. Ошентип Анастасия Макаревич 1991-жылдан тартып топтун алмашкыс мүчөсү болуп келген.