16- Апрель 1947 -жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбеков туулган
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбеков 1947-жылы 16-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. Эмгек жолун 1967-жылы Ат-Башы районундагы Ленин атындагы колхоздо слесарь-токарь катары баштаган. Андан кийин 1971-жылга чейин Ат-Башы районундагы “Кыргыз айыл чарба техника” ишканасында токарь болуп иштеген. 1977-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин Ат-Башы “Кыргыз айыл чарба техника” башкармалыгында башкы инженер болуп иштеген. Ал эми 1988-жылы техникалык жабдуу боюнча директордун орун басарлыгына дайындалган. 1991-1996-жылдары “Агро атайын монтаж жасалга” Нарын облустук ишканасынын начальниги, 1996-2005-жылдары “Мурас-спорт” ЖЧКсынын башкы директору болгон. 1998-2005-жылдары айкалыштыруу менен “Дордой” ассоциациясынын профсоюздар ассоциациясынын президенти, 2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин III чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. 2007-2010-жылдары “Дордой” ассоциациясынын профсоюздарынын республикалык тармактык бирикмесинин төрагасы, 2010-жылдын октябрында КСДП партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.  
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан