Шри-Ланка Республикасынын (мурдагы Цейлон) саясий жана мамлекеттик ишмери, дүйнөдө өкмөттү башкарган алгачкы аял, Шри-Ланканын 3 жолку премьер-министри Бандаранаике Сиримаво Шри-Ланканын Балангод деген жеринде туулган. Жолдошу Соломон Бандаранаикени реакционерлер өлтүргөн соң (1959), ал уюштуруп кеткен Цейлондун боштондук партиясынын жетекчилеринин бири болуп калган. 1960-1965-жылдары Цейлондун премьер-министри болуп иштеген. 1970-жылы Бандаранаике Сиримаво өкмөт башына кайрадан келип, 1977-жылга чейин отурган.