13- Апрель 1962 -жылы Эсептөө палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова туулган
Эсептөө палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова Фрунзеде туулган.
Жогорку билимдүү. 1984-жылы экономист, саясий экономиканы окутуучу адистиги боюнча М.В.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетин (ММУ) аяктаган.
1993-1995-жылдары – Мамлекеттик башкаруу адистиги боюнча  Массачусетс  (Эмхерст, АКШ)  университетинин стипендианты.  
Эмгек ишмердүүлүгү:
1984-1986-жылдары Электрондук эсептөө машиналар заводунда Эксперименталдык цехтин экономисти, улук экономисти, Кураштыруу цехинин баштапкы комсомолдук уюмунун  катчысы болгон.
1986-1991-жылдары Октябрь райондук комсомол комитетинде экинчи катчы.
1991-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинде каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмүнүн консультанты, жалпы бөлүмдүн башчысынын орун басары, Жогорку Кеңештин аппаратынын  жалпы бөлүмүнүн башчысы.
1994-1995-жылдары Кыргызстан үчүн “Курчап турган чөйрөнү коргоонун Улуттук планы” стратегиясын иштеп чыгуу боюнча EMTEN бөлүмүнүн кыска мөөнөттөгү консультанты.
1996-жыл,  май-октябрь айлары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынында катчылыктын башчысы.
1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынан аудитор.
1998-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
1999-2001-жылдары БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүгүндө БУУ алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Толук жана ыйгарым укуктуу  элчиси болгон.
2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин аппаратынын алдындагы Айыл-чарба инвестициялар долбоорун даярдоо бөлүмүндө долбоордун координатору.
2003-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвенстициялоо агенттигинин аткаруучу директору.
2007-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин   депутаты.
2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-мнистри.
2009-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри постунан отставкага кеткен.
2010-жылдын апрель-июль айлары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн ММК жана коомчулук менен байланышуу, атайын сектор боюнча координатор.
2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвенстициялоо агенттигинин аткаруучу директору болгон.
2012-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрайымы болгон.
2016-жылдын март айында кызматтан кеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан