14- Апрель 2011 -жылы
АКШнын түштүк-чыгышында катуу шамал жана торнадо башталган
АКШнын түштүк-чыгышында башталган катуу шамалдын жана торнадонун кесепетинен 45 киши курман болуп, дагы ондогон адамдын дайыны чыкпай калган. Оклахома, Миссисипи, Арканзас, Алабама жана Түштүк Каролина штаттарына олуттуу зыяндарды алып келген. Табият кырсыгы болуп өткөн аймактарда миңдеген үйлөр чатырсыз калып, бак-дарактар жыгылып, автоунаалар жабыркаган жана 250 миңдей тургун электр жарыгысыз калган.