14- Апрель 2011 -жылы Аида Салянова Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалган
Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын  Башкы прокурору болуп дайындалган.
Аида Салянова Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Ал 1972-жылы 6-августта Нарын шаарында төрөлгөн. Жогорку юридикалык билими бар, 1991-жылы Фрунзе соода техникумун, 1996-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. Юридикалык илимдердин кандидаты, доцент. Эмгек жолун 1992-жылы Бишкек коммерциялык колледжинде окутуучулуктан баштаган. 1996-жылы Чүй университетинде сабак берип, 1997-жылы Жогорку Кеңеште эксперт катары иштеген. Андан кийин Жогорку Кеңеште бөлүм башчы, Юстиция министрлигинде стат-катчы, 2010-жылы юстиция министри болуп эмгектенген. 2010-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп, 2011-жылы 31-мартта Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кубатбек Байболов кызматынан бошотулуп, ордуна башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп Аида Салянова дайындалган. Ал эми 2011-жылдын 14-апрелинен тартып  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматында иштеп келген. 2015-жылдын 19-январында анын отставкага кетүүгө арыз жазганы расмий жарыяланып, 21-январда Жогорку Кеңеш аны кызматтан бошотууга макулдук берген. Ал эми 2015-жылдын 22-январында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Аида Салянова ээлеген кызматынан бошотулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан