"Бу кадармы" деген ыры менен белгилүү болгон түрк ырчысы, актёр Эмре Алтуг Стамбул шаарында төрөлгөн. Ал Стамбул консерваториясын аяктаган соң ар кандай кечелерде ырдап келген. 2000-жылы "Мага ошол жөнүндө айтчы?!" ыры менен популярдуулукка жеткен. 2003-жылдан тарта ар кандай жарнамалык роликтерге, телесериалдарга, көркөм тасмаларга чакыруу ала баштаган.