Ош шаарынын борбордук аянтында плакат көтөрүп турган адам өз өмүрүнө кол салып, өзүн өрттөп салган. Жабыркаган адамды ооруканага жеткиришкенде денесинин дээрлик көп бөлүгү күйүккө кабылгандыктан, кечки саат 22:30да жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Иликтөөдө маркумдун Алай районунун МТФ участкасынын жашоочусу, 1947-жылы туулган Каныбек Сейитбеков экендиги такталган. Сейитбековдун көтөрүп турган плакаты кошо күйгөндүктөн, анда эмне деп жазылганы алгач белгисиз болуп жаткан. Кийинчерээк анын дептери табылып, анда төмөндөгүдөй жазуу болгону аныкталган.
"Менин өлүмүмдүн себеби мени Кыргыз өлкөсүндөгү митингдер тажатты. Эч кандай саясат токубагыла! Мен Бабанов менен Атамбаевге ишенем! Адахан Мадумаровдон үмүт үзбөйм! Лениндин жанында өрттөнгөнүмдү Ленин көрсүн! (ред. Оштун борбордук аянтында В.И.Лениндин эстелиги бар) Мен Ленинге, Бабановго, Атамбаевге, Мадумаровго чындыгында башымды ием. Сураныч-керээз: чиновник-бектердин көрүстөнүнө кире беришке мындай деген лозунг жазып коюңуз: "Мен да сендей болчумун, сен да мендей болосуң, жаратылыштын мыйзамы ушундай тура" деген. Алайдын акиминен сураныч-керээз: мени Гүлчөгө коюңуз, Памир жолунун боюна мага эч кандай эстелик коюлбасын. Памир жолунун боюна лозунг жазып коюңуз: "Биз терең уйкуга кеттик, Алай тоолорунун тагдырын силерге тапшырдык" деген. Башка эч нерсе суранбайм. Мүмкүнчүлүк болсо, кемпириме медициналык жардам берип койгула?! Каныбек Сейитбеков, Алай-Гүлчө-МТФ. Акыркы суранарым, митинг кылбагыла, башымды ийип суранамын! Кыргыз өлкөсү жашаш керек да! Бабанов, Атамбаев, Мадумаровду сыйлагыла!"