16- Апрель 1945 -жылы Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыктоочу кармашы эсептелген Берлин операциясы башталган
Берлин операциясы - Советтер Союзунун Улуу Ата Мекендик согушунун (1941-1945) убагындагы 2-Белорус, 1-Белорус, 1-Украина фронтторунун 16-апрелден 8-майга чейинки чабуул коюу операциясы. Советтик аскерлер 1945-жылдын январь-март айларында Чыгыш Пруссия, Польша жана Чыгыш Помераниядагы душмандын ири күчтөрүн талкалап, кеңири фронт менен Одер жана Нейсе дарыяларына чыгышып, Германия жерине кирип барышкан. Берлинди коргоо үчүн Одер жана Нейсе дарыяларынын батыш жээктеринде аралыгы 20-40 км ге жеткен З катар коргонуу тилкесин түзүшкөн. Шаардын өзү да 3 катар туюк курчоого алынып, баррикадалар курулган. Берлинге чабуул коюу үчүн советтик командование 2, 5 млн. адам, 41600 замбирек менен миномёт, 6250 танка жана өзү жүрүүчү замбирек, 7500 учак топтогон. Берлин операциясы 16-апрелде башталып, советтик аскерлердин соккуларына гитлерчилер канчалык жанталашып каршылык көрсөтүшсө да, туруштук бере алышкан эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан