Түндүк Каролина штатында 62 торнадо катталып, акыркы жыйырма жылдагы күчү жагынан эң кубаттуу болгонун окумуштуулар билдиришкен. Табият кырсыгы болуп өткөн аймактарда миңдеген үйлөр чатырсыз калып, бак-дарактар жыгылып, автоунаалар жабыркаган жана 250 миңдей тургун электр жарыгысыз калган.