“Бета Сторес-3” соода борборунун наабайканасында иштеген түрк жараны Гюнеш Йылмаз сатуучу болуп иштеген Чолпон Орузбаеваны эскирип кеткен баклаваны сатасың деп сабап, ал тургай зордуктоого аракет кылган. Натыйжада Чолпондун ичегиси айрылып, операция жасалган. Окуя болгон күнү Чолпон Орузбаева №7 шаардык милиция бөлүмүнө арызын жазган. Кол салган Гюнеш Йылмаз кармалып, Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгы тарбынан анын үстүнөн кылмыш иши козголгон, бирок ал темир тор артында аз гана убакыт отурган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө бүткүчө Гюнешти эки айга СИЗОдо камап турууга чечим чыгарганы менен, Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган. Мындайды колдон чыгарбаган Гюнеш Йылмаз изин суутуп кеткен. Сот адилетсиздигинин айынан бул окуяга кыргыз коомдук жаштар уюмдарынын активисттери киришип, бир нече митингдерди өткөрүшүп, Өкмөт үйүндө да талкууланган. Соттор кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьялары Л.Нарымбаева, Ж.Калыбекова жана М.Бейшенованы мөөнөтүнөн эрте кызматынан бошотуу жөнүндө чечимин кабыл алган. Гюнеш Йылмаз кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүп жаткан жеринен кармалып, биздин өлкөгө өткөрүлүп берилген.