"Эрдик" медалы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик наамдарды түзүү тууралуу" мыйзамынын негизинде негизделген. Бул медаль менен адамдарды куткаруу үчүн өз өмүрүн тобокелге салган кадамга, эрдикке барган жарандар сыйланат. Коомдук тартипти көзөмөлдөөдө, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, өрт, сел сыяктуу табият кырсыктары жана башка өзгөчө кырдаалдарда, мындан тышкары аскердик, атуулдук кызматы учурунда өмүрүн тобокелге салып каармандык кадамга барган жана каза тапкан адамдарга "Эрдик" медалы тапшырылат. 2013-жылга чейин 400дөн ашуун адам "Эрдик" медалына татыктуу болгон.