16- Апрель 1991 -жылы
Кикбоксчу Авазбек Аманбеков туулган
Кикбоксчу Авазбек Аманбеков Ош шаарында туулган. 3-класста окуп жүргөндө таэквондо менен машыгып баштап, ал спорт боюнча көптөгөн ийгиликтерге жетишип, кара курдун ээси болгон. Кийинчерээк кикбокско кызыгуусу артып, 10-класста окуп калганда кикбокско өтүп кеткен. Алгач эле машыктыруучу Маралбек Давлеткуловдун колуна барган. Кикбокс менен машыгып баштагандан 3-4 ай өткөн соң Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугуна катышып, 1-орунду ээлеген. Ошондон тартып спортчу көптөгөн ийгиликтерге жетип, 2008-2009-2010-2012-жылдары кикбокс боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону деп табылса, 2011-жылы Москвада өткөн кикбокс боюнча Дүйнө кубогунда 2-орун алып, 2013-жылы ушу-саньда жана кармашып күрөшүү боюнча Кыргыз мамлекетинин чемпиону болуп, 2013-жылы Анталияда өткөн кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон.