Жоодарбешим Токтогул районунун Чоң-Арык айылында туулган. Окууну бүткөн соң Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияга тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Ушул окуу жайда окуп жүргөндө ар кандай студенттик концерттерде ырдап жүргөн. Ырчынын эң алгачкы чоң сахнага болгон кадамы 2008-жылы Жамил Карабалаевдин жеке концертинде болгон. Репертуарындагы "Жан тумарым", "Өкүнбө", "Эрке кыз" аттуу ырлары менен таанылган.
Жоодарбешим "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “2013-жылдын супер дебюту” деп табылган.