Англиялык мамлекеттик ишмер Невилл Чемберлен Индиядагы Жабалпур шаарында "снукер" аталган бильярд оюнун ойлоп тапкан. Оюн аталышы армиядагы жаңы жоокерге берилчү шакаба ысымдан алынган. Уламышка караганда, Невилл Чемберлен менен бирге бильярд ойногон ыксыз оюнчуну "снукер" деп тамашалашчу экен.