Кыргызс өлкөсүнүн Кувейттеги элчиси Жусупбек Шарипов Кара-Суу районунун аймагында туулган. Киевдеги инженердик-курулуш институтун бүтүргөн. "Ошкурулуш" трестинде инженер, ушул тресттин Жалал-Абаддагы бөлүмүндө мастер, аймактын начальниги, 1985-жылдан партиянын Кара-Суу райкомуна инструктор, Таш-Көмүр шаараткомунун төрагасынын орун басары, биринчи орун басары, Саратовдогу жогорку партиялык мектепти бүтүргөндөн кийин Ош шаарынын акиминин орун басары, кийин Президенттик администрациянын жооптуу кызматкери, Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими, Ош шаарынын мэри болуп иштеген.