21- Апрель 1959 -жылы
Мальдив республикасынын президенти Абдулла Ямин туулган
Мальдив республикасынын президенти Абдулла Ямин Мале шаарында туулган. Ал өлкөнүн үчүнчү президенти Момун Абдул Гаюмдун аталаш бир тууганы болгон. Ливандын борборундагы Американын жогорку окуу жайында окуп, андан ары билимин АКШнын Колифорния штатында уланткан. 2013-жылы Абдулла Ямин Мальдив прогрессивдүү партиясынын өкүлү катары өлкөдөгү кыйынчылык жараткан президенттик шайлоодо ат салышкан. Анда добуш берүүнүн өзү эле 3 ирет жүргүзүлүп, шайлоолор бир канча ирет жылдырылган. Бирок 2013-жылдын 16-ноябрындагы чечүүчү добуш берүүдө 51 пайыз шайлоочулардын добушун топтоп, өлкөнүн президенти болуп шайланган. Бул күндүн эртеси эле ант берип кызматына киришкен.