24- Май 1966 -жылы куудул, тамада жана ырчы Борончу Кудайбергенов туулган
Куудул, тамада жана ырчы Борончу Кудайбергенов Жумгал районунда туулган. 1984-1986-жылдары Чаектеги №26 кесиптик техникалык орто окуу жайында окуган. 2003-жылы Жеке ишкерлерди өнүктүрүү институтуна тапшырып, 2008-жылы бүтүргөн. Борончу Кудайбергенов 2006-жылы белгилүү куудул Рахман Разыковдун демилгеси менен уюштурулган "Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар жана аялы" деген фестивалында Гран-Прини алып, "Мерседес" жеңил автоунаасын утуп алган. 2010-жылы Меккеге барып, зыярат кылып ажы болуп кайткан. 2011-жылы президенттикке талапкерлигин койгонго аракеттенген, бирок БШК Борончу Кудайбергеновдун талапкерлигин коюуга уруксат берген эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан