Аялдардан чыккан шахмат боюнча дүйнөнүн биринчи чемпиону Вера Менчик Москвада төрөлгөн. 9 жашында шахмат ойногонду үйрөнгөн. 1921-жылы үй-бүлөсү менен Англияга көчүп, Гастин шахмат клубунун мүчөсү болгон. 1925-жылы Улуу Британиянын чемпионун утуп, 1926-1927-жылдары Улуу Британиянын кыздар арасында өткөн ачык чемпиондугун жеңген. 1927-жылы айымдар арасында Лондондо өткөн Дүйнөлүк чемпиондукту жеңип, жашоосунун акырына чейин дүйнө чемпиону болгон.