20- Апрель 1956 -жылы
Грузиялык саясатчы Каха Бендукидзе туулган
Грузиялык саясатчы Каха Бендукидзе Тбилисиде туулган. 1977-жылы Тбилиси мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн. 1980-жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган. 1985-жылы Москвага көчүп, биотехникалык институтту жетектейт. 1988-жылы “Био-процесс” деген бирикмени түзүү менен ишкердикти баштайт. 1996-жылы “Бириккен машине куруу заводдору” деген оор машина куруу компаниясын негиздеп, анын Директорлор кеңешинин төрагасы жана генералдык директору болуп иштей баштайт. Ошол эле убакта Орусиянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирикмесинин вице-президенти болуп, Салык жана бюджет саясаты боюнча комитетин башкарган. 2004-жылы февралда БМЗнын генералдык директору кызматынан кетет. 2004-жылы Тбилисиге келип, Грузиянын Экономика министри болуп дайындалат. 2004-жылдын август-декабрь айлары Экономиканы өнүктүрүү министри, андан соң Реформаларды координациялоо министри, 2008-жылдын 30-январынан 2009-жылдын 7-февралына чейин Грузия өкмөтүнүн канцеляриясын жетектеген.