22- Апрель 1933 -жылы
Англиялык инженер Генри Ройс дүйнө салган
Дүйнөгө белгилүү "Роллс-Ройс" автоунаа компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, англиялык инженер, кыймылдаткыч жана автоунаалардын конструктору, жеке ишкер Генри Ройс 70 жаш курагында дүйнө салган.
Генри Ройс 1863-жылы 27-мартта туулган. Мектепте бир жыл гана билим алган жанын багыш үчүн гезит сатып иштеген. 15 жашында темир жолго жумушка орношуп, 1882-жылдан баштап Ливерпулда электрик болуп иштей баштаган. 1884-жылы 20 фунт топтогон Генри Ройс Эрнест Клермонт аттуу адам менен биргеликте электрошаймандарды чыгара турган чакан цех ачкан. Ошондон тартып акырындан өнүгүп отуруп, белгилүү "Роллс-Ройс" компаниясы жетилип чыккан.