Италия акыны, “Нобель” сыйлыгынын ээси Жозуэ Кардуччи Вальдикастеллодо, Тосканада туулган. Кардуччи 10 жашында ыр жаза баштаган. Мектепти Флоренцияда, университетти Пизеде аяктаган. Сан-Миниатодо риторикадан сабак берген. 1857-жылы чыккан Кардуччинин алгачкы ырлар жыйнагы белгилүү болгон эмес. Ал 1865-жылы "Enotrio Romano" аты менен "A Satana" ырын жазган. Ыр чуу жаратып, Кардуччини белгилүү кылган.